Загрузка страницы

Раатбек баатыр - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #раатбекбаатыр #раатбексанабаев #дастан

РААТБЕК БААТЫР
с. Б. Чотурова
о. С. Бейшекеев

Оо, арман. Арман...
Кечээ көргөн бүгүн жок. Ушундай белең дүйнө шок. Раатбек, сени мүлдө кыргыз эмес, канатташ Казак эли дагы өз баласындай көрчү эле го. Арман...
Кыргыз намысы үчүн, кыргыз үчүн деп күйүп турчу эмес белең. Сен баатыр элең досум. "Бир убакта сен жөнүндө даңазалуу ыр жазам" десем, "Мен ошондой ырга татыктмунбу?" деп, жаш балача кубанганың эсимде. Аттиң арман, чыкпай калган, бүтпөй калган, сен укпай калган ошол ыр сени жоктоо болуп, арман болуп ырдалып калаары үч уктасам түшүмө кирген эмес.
Аттиң арман... Түшүнбөйм досум, жазыгың не эле? Жанда жок кичипейилдигиң үчүнбү? Адамдан башка айкөлдүгүң, боорукерлигиң үчүнбү? Башым маң. Кош дегенге ооз барбайт... Алыска, чет өлкөгө элдин намысын коргогонго сапарга кеткендей сезе берем.
Досум, сен мыкты дос элең. Ата-энеге мыкты уул, балдарыңа мыкты ата, жубайыңа мыкты жар элең. Намыскөй элең. Эми, жалпы журтка эстегенде эзилип ыйлаган айтып бүткүс арманы болдуң. Арман...

Асылды ажал сурап көп,
Аз жашайт деген ырас кеп.
Житкен ок менен бир кетти,
Жигиттин гүлү Раатбек.

Жүрөккө аты жатталат,
Жүз жылдар бою даңкталат.
Кыргыздын туусун көтөргөн,
Кырааны деген ат калат.
Күн бетин тосуп булуттар,
Күбүлдү нурдан сыныктар.
Күлгүндөй кетти бир баатыр,
Күйүттүү тагдыр куруп кал.
Ай бетин тосуп булуттар,
Агылып нурдан сыныктар,
Азамат кетти гүлүстөн,
Армандуу тагдыр куруп кал.

Ак шумкар октон куланып,
Ала-Тоо башы мунарык,
Ак шумкар орду бош калды,
Ажалдуу өлүм, шум алып.
Туйгуну октон куланып,
Туулган жер ыйлап мунарык.
Айласыз жоктоп калышты,
Атпай журт сыздап, муң агып.

Кайкып бир учкан каркыра,
Кайрылбайт эми артына.
Жетинин бири болсоң да,
Жете албай койдук баркыңа.
Ар намыс үчүн күрөшкөн,
Алгыр куш учту түнөктөн.
Эскерип калдык эми биз,
Элесиң көрүп сүрөттөн.

Видео Раатбек баатыр - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #раатбекбаатыр #раатбексанабаев #дастан канала Сыймык Бейшекеев
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
8 января 2021 г. 18:23:25
00:06:02
Другие видео канала
Таазим сага Айсулуу #сыймыкбейшекеев #таазимсага #айсулуу #айсулуутыныбековаТаазим сага Айсулуу #сыймыкбейшекеев #таазимсага #айсулуу #айсулуутыныбековаСпорт. РААТБЕК САНАТБАЕВСпорт. РААТБЕК САНАТБАЕВКИМ ЭЛЕ КЫРГЫЗ, КИМ БОЛДУ?- Сыймык БейшекеевКИМ ЭЛЕ КЫРГЫЗ, КИМ БОЛДУ?- Сыймык БейшекеевМирлан Баеков - Өксүк ыры / Жаны клип 2020Мирлан Баеков - Өксүк ыры / Жаны клип 2020Сыймык Бейшекеев: Айсулуу Тыныбекова, куттуктайбыз! Таазим сага, төмөнкү ыр сага арналыптыр.Сыймык Бейшекеев: Айсулуу Тыныбекова, куттуктайбыз! Таазим сага, төмөнкү ыр сага арналыптыр.Сыймык Бейшекеев "Боордошум"Сыймык Бейшекеев "Боордошум"Бегимай менен Раймаалынын айтышы (HD). "Махабат дастаны" тасмасынан.Бегимай менен Раймаалынын айтышы (HD). "Махабат дастаны" тасмасынан.Бул ырды ар бир кыргыз угушу керек / Азиз Батыров - Алга Кыргызстан / Кыргыз спортчуларыБул ырды ар бир кыргыз угушу керек / Азиз Батыров - Алга Кыргызстан / Кыргыз спортчуларыСЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ - ЖОЛУКПА ДЕП АЙТПАЧЫСЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ - ЖОЛУКПА ДЕП АЙТПАЧЫДосума - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #досума #таалайбектургановДосума - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #досума #таалайбектургановӨМҮР КЕРБЕН - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ жаңы клип 2020 #сыймыкбейшекеев #өмүркербен #жаңыклип2020 #эксклюзивӨМҮР КЕРБЕН - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ жаңы клип 2020 #сыймыкбейшекеев #өмүркербен #жаңыклип2020 #эксклюзивМАХАБАТ СЫРЫ – Сыймык БейшекеевМАХАБАТ СЫРЫ – Сыймык БейшекеевЫрыскылаштардан Ыр Кесе: С. Бейшекеев, Р. Шакирова, С. Бакас (4-бөлүм)Ырыскылаштардан Ыр Кесе: С. Бейшекеев, Р. Шакирова, С. Бакас (4-бөлүм)Кайдасың? - Сыймык Бейшекеев, Алина Жетигенова #сыймыкбейшекеев #алинажетигенова #кайдасын #дуэтКайдасың? - Сыймык Бейшекеев, Алина Жетигенова #сыймыкбейшекеев #алинажетигенова #кайдасын #дуэтСЕНИ САГЫНГАНДА – Сыймык Бейшекеев ЖАҢЫ КЛИП 2020СЕНИ САГЫНГАНДА – Сыймык Бейшекеев ЖАҢЫ КЛИП 2020САГА - Сыймык БейшекеевСАГА - Сыймык БейшекеевТОКТОГУЛГА КЕТЕСИҢБИ - Сыймык БейшекеевТОКТОГУЛГА КЕТЕСИҢБИ - Сыймык БейшекеевСыймык Бейшекеев- Аселге кат.Сыймык Бейшекеев- Аселге кат.ЧООЧУН АЯЛ - Сыймык БейшекеевЧООЧУН АЯЛ - Сыймык Бейшекеев
Яндекс.Метрика