Загрузка страницы

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолундагы эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо

Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун Арал-Казарман жол тилкесиндеги жалпы узундугу 1,5 чакырымдан ашык эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо.
Кыргызстанда салынып жаткан алгачкы эки эстакадалык көпүрө Нарын дарыясына курулган. 2014-жылы башталган куруу иштери ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт. Анын биринин узундугу – 1076, экинчиси - 396 метр, туурасы 14 метрди түзөт. Көпүрөгө 2 катмардан турган асфальт-бетон төшөлгөн.
Эң негизги бөлүгү болгон көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн бийиктиги 40 метр, жердин ичине 12-46 метрге чейин киргизилип бекитилген. Көпүрөнүн эки четине 75 сантиметрлик жөө адам өтө турган турган тротуар салынууда.
Альтернативдик жол тоолуу аймакта, татаал шартта курулууда. Мурда адам буту баспаган ээн жерлерде заманбап унаа жолунун курулушу жүрүп жатат. Аталган жол Балыкчы-Кочкор-Арал-Казарман-Жалал-Абадды бириктирип, жалпысынан 433 чакырымды түзөт. Жети жылдан бери салынып жаткан жол куруу иштери 2024-жылы толук аягына чыгарылмакчы.
Куруу иштери бүткөрүлүп пайдаланууга берилсе, кыргызстандыктар жана чет жерден келген туристтер үчүн да республикабыздын Түндүк-Түштүк аймактарынын ортосундагы жолдун жүздөгөн чакырымдарга кыскарышына алып келет. Ошондой эле ким болбосун бул жол менен жүргөн жүргүнчүлөр үчүн жергебиздин кооздугу кайдыгер калтырбайт.
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна жалпы 850 млн доллар каралып куруу иштери “Чайна Роуд” компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Видео Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолундагы эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо канала Эркин-Тоо
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
14 октября 2021 г. 18:40:02
00:05:05
Другие видео канала
«Түндүк—Түштүк» мегадолбоору | 2019, толугу менен«Түндүк—Түштүк» мегадолбоору | 2019, толугу мененЭң КООЗ ЭСТАКАДАЛЫК көпүрөлөр КУРУЛУП жататЭң КООЗ ЭСТАКАДАЛЫК көпүрөлөр КУРУЛУП жататТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК ЖОЛУНУН КУРУЛУШУТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК ЖОЛУНУН КУРУЛУШУКазармандан Жалалабатка жаны жол жана тоннельКазармандан Жалалабатка жаны жол жана тоннелькурулушта иш кызуу, түндүк түштүк алтернативалык жолундагы эстакада күз айларында ишке берилеткурулушта иш кызуу, түндүк түштүк алтернативалык жолундагы эстакада күз айларында ишке берилетАвтодорога Север-Юг: участок Чаек – Казарман достроенАвтодорога Север-Юг: участок Чаек – Казарман достроенТүндүк-түштүк жолунун курулушуТүндүк-түштүк жолунун курулушуДоосу көп Исаков, догурунган Аматов // Айлыгынан байлыгы көп АматовДоосу көп Исаков, догурунган Аматов // Айлыгынан байлыгы көп АматовДүйнөдөгү эң чоң курулуштар / көрүп таң каласызДүйнөдөгү эң чоң курулуштар / көрүп таң каласызКорея: "Акылдуу шаардын" сырларыКорея: "Акылдуу шаардын" сырларыМына сага!  Түпкү ГАРЕМДИ түрө КЫДЫРДЫК  ~  Тим эле КИНОДОГУДАЙ болдуМына сага! Түпкү ГАРЕМДИ түрө КЫДЫРДЫК ~ Тим эле КИНОДОГУДАЙ болдуВ Боомском ущелье бежал страусВ Боомском ущелье бежал страусАйдана Дека менен эксклюзивдүү маекАйдана Дека менен эксклюзивдүү маекАвтодорога «СЕВЕР-ЮГ»: трасса, объединяющая КыргызстанАвтодорога «СЕВЕР-ЮГ»: трасса, объединяющая КыргызстанТүндүк-Түштүк — Келечекке жол. Толугу менен 2018Түндүк-Түштүк — Келечекке жол. Толугу менен 2018Kyrgyz jeepsKyrgyz jeepsТүрк мамлекеттеринин уюмунун саммитиТүрк мамлекеттеринин уюмунун саммитиКЫРГЫЗСКИЙ БАМ 2020КЫРГЫЗСКИЙ БАМ 2020Ой-Боой!  СТАМБУЛ совсем ӨНҮГҮП КЕТИПТИР  ~  Көчөлөрү ЗЫҢКОй-Боой! СТАМБУЛ совсем ӨНҮГҮП КЕТИПТИР ~ Көчөлөрү ЗЫҢК
Яндекс.Метрика