Загрузка страницы

Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өттү

Бүгүн, 29-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.

Кыргызстандын Элчилигинин аймагында тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улан Джусуповго юридикалык документтердин толук пакети, анын ичинде “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын акцияларынын 100%ын «Кыргызалтын» ААКтын пайдасына менчик укугунун толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине республиканын улуттук кенчи – “Кумтөр” кенин Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн улуттук мыйзамдардын (экологиялык, салыктык, корпоративдик, эмгектик ж.б.) жана эл аралык стандарттардын бардык талаптарын сактоо менен натыйжалуу иштетилишин камсыздоо үчүн ыкчам тапшырмаларды берди.

Бүгүн эле, 29-июлда, Келишимде каралган бардык финансылык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын пайдасына жүргүзүлдү.

Жетишилген келишим башка нерселер менен катар төмөнкү пункттарды камтыйт:

“Кумтөр” кени толугу менен республиканын менчигине өтөт. Ошол эле учурда Кыргызстан 2021-жылдын 15-майынан тарта кенден өндүрүлгөн алтындын ээси катары таанылат.

Мындан тышкары, “Центерра” болжол менен 11 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд төлөйт.

Ошондой эле «Центерра» тарабынан кыргыз тарапка 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылды.

“Кумтөр” кени боюнча Рекультивациялоо фондун башкаруу Кыргызстанга өтөт, көлөмү болжол менен 53 миллион АКШ доллары. Бул сумма дагы Кыргызстандын банктарынын бириндеги атайын эсепке которулат.

«Центерра» кыргыз тарапка каршы демилгеленген бардык соттук териштирүүнү токтотот: АКШда (27-июлда токтотулган), Швецияда жана Канадада (доолорду кайтарып алуу каттары 28-июлда жөнөтүлгөн).

Видео Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өттү канала Ала-Тоо 24
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
29 июля 2022 г. 18:14:17
00:01:31
Другие видео канала
Электрондук билерик - баш коргоо чарасынын бир түрүЭлектрондук билерик - баш коргоо чарасынын бир түрүБишкекте "Наристе" III эл аралык фестивалы өтөт | Ала-Тоо LIVE | 27.05.2023Бишкекте "Наристе" III эл аралык фестивалы өтөт | Ала-Тоо LIVE | 27.05.2023Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда балдардын Жаңы жылдык балатысыПрезидент Садыр Жапаровдун катышуусунда балдардын Жаңы жылдык балатысыАшхабад отурумунун жыйынтыгы тууралууАшхабад отурумунун жыйынтыгы тууралуу"Жаңы кадам" социалдык долбоору  | Ала-Тоо Live  | 23.05.2024"Жаңы кадам" социалдык долбоору | Ала-Тоо Live | 23.05.2024Жер семирткич өндүрүүчү завод курулатЖер семирткич өндүрүүчү завод курулатТаразадагы коррупция: таш-талканы чыккан жолТаразадагы коррупция: таш-талканы чыккан жолКыргызстанда учурда 30га жакын чакан ГЭС курулуудаКыргызстанда учурда 30га жакын чакан ГЭС курулуудаКайсы кесип менен көп акча табууга болот?Кайсы кесип менен көп акча табууга болот?"Акылман" лицейиндеги жарманке"Акылман" лицейиндеги жарманкеКош-Дөбөгө жаңы оорукана салынуудаКош-Дөбөгө жаңы оорукана салынуудаУТРК "Ыр Кесе" долбоорун жанданттыУТРК "Ыр Кесе" долбоорун жанданттыӨлкөдөгү туризм жана кызмат көрсөтүүнүн наркы | Ала-Тоо LIVE | 27.06.2023Өлкөдөгү туризм жана кызмат көрсөтүүнүн наркы | Ала-Тоо LIVE | 27.06.2023Балыкчыда этти кайра иштетүүчү завод ачылдыБалыкчыда этти кайра иштетүүчү завод ачылдыАксы: Сел каптаган 4 үй ээси 200 миң сомдон алатАксы: Сел каптаган 4 үй ээси 200 миң сомдон алатЧолпон Баекова Тунгуч Конституция кантип абыл алынганын айтып бердиЧолпон Баекова Тунгуч Конституция кантип абыл алынганын айтып бердиТуристтерди кубанткан кыргыз чек арачыларыТуристтерди кубанткан кыргыз чек арачыларыКаким будет туристический сезон в Кыргызстане?Каким будет туристический сезон в Кыргызстане?Медициналык мекемелерди оңдоого каражат бөлүнөтМедициналык мекемелерди оңдоого каражат бөлүнөтН. Исанов - өмүрү өрнөк инсанН. Исанов - өмүрү өрнөк инсанНовый взгляд на развитие туризмаНовый взгляд на развитие туризма
Яндекс.Метрика