Загрузка страницы

Газа тилкесине гуманитардык жардам жүктөгөн экинчи автокербен кирди

Маалымат каражаттары жекшембиде Газанын блокадада калган элине гуманитардык жардам жүктөгөн, 17 машинеден турган экинчи кербен Египеттин Рафах бекетинен өткөнүн жазды.

Буга чейин ишембиде 20 жүк ташуучу машине элге эң керектүү болгон суу, тамак-аш, дары-дармек жүктөп барган.

Улуттар Уюму жардам жүктөп кирген 20 машине «деңизге тамган тамчыдай» деп, блокадада калган аймакта кырдаал апаатка айланып баратканын билдирген.

"Зарыгып турган миллиондогон кишиге такай тамак-аш жеткирүү үчүн гуманитардык кербен чек арадан коопсуз жана токтоосуз өтүшү керек", - деди Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Синди Маккейн.

БУУнун баасында Газадагы элдин муктаждыгын жабуу үчүн күнүгө 100 жүк ташуучу машине кирип турушу керек.

Израил ХАМАСтын жоочуларына согуш жарыялап, Газа тилкесин бомбалай баштаган эки аптадан бери элге суу жетпейт, жарык, күйүүчү май жок, дары-дармек өтө тартыш.

Улуттар Уюмунун Палестин качкындары боюнча агенттигинин өкүлү Газадагы кырдаалды "тозокко" салыштырды. БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди "кандай гана эскалация болбосун же аскердик аракеттерди улантуу Газанын элин апаатка кептерин" эскертти.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаарлары менен кошуундарына кол салып, 1400 кишини өлтүрүп, 212 адамды барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматында согуш башталганы 4385 киши набыт болуп, жараат алгандар 15 миңдей экени маалымдалды.

Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес._________________________________________
"Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз.
Шилтемеси:
IOS https://apps.apple.com/us/app/id1521472502
Android https://play.google.com/store/apps/details?id=org.rferl.kg
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​
https://www.instagram.com/azattykmedia/​
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​
https://www.facebook.com/azattyk​
Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​
https://t.me/azattykrus

Видео Газа тилкесине гуманитардык жардам жүктөгөн экинчи автокербен кирди канала Азаттык
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
22 октября 2023 г. 21:23:19
00:02:00
Другие видео канала
Араванга келин болгон өзбек кыздар | ДАНИСТЕАраванга келин болгон өзбек кыздар | ДАНИСТЕЖаңылыктар | 30.10.2023 | Израил Газа тилкесин абадан бомбаладыЖаңылыктар | 30.10.2023 | Израил Газа тилкесин абадан бомбаладыШахимардан - Тоолуктардын жашоосуШахимардан - Тоолуктардын жашоосу“Көкбөрүгө жаңы эреже киргизиш керек”“Көкбөрүгө жаңы эреже киргизиш керек”Азаттык: Кечки радио эфир | 29.10.2023Азаттык: Кечки радио эфир | 29.10.2023Карагандыдагы каргаша: Кенде каза тапкандар 40тан аштыКарагандыдагы каргаша: Кенде каза тапкандар 40тан аштыНогойбаеванын окуясы: Аялдарга карата зомбулук талкуулануудаНогойбаеванын окуясы: Аялдарга карата зомбулук талкуулануудаТүрк жумуриятына 100 жыл. Тарыхтын урунттуу учурларыТүрк жумуриятына 100 жыл. Тарыхтын урунттуу учурларыМусаев: Усубалиевдин конокко барганын көргөн эмесминМусаев: Усубалиевдин конокко барганын көргөн эмесминКазакстандагы “ала качуу” көйгөйү, Кыргызстандын сабагыКазакстандагы “ала качуу” көйгөйү, Кыргызстандын сабагыАзаттык: Кечки радио эфир | 28.10.2023Азаттык: Кечки радио эфир | 28.10.2023Табият берген таланттын ээсин эскерүүТабият берген таланттын ээсин эскерүүГаза: Катар туткундарды бошотуунун аракетиндеГаза: Катар туткундарды бошотуунун аракетиндеЖаңылыктар | 27.10.2023 | ХАМАС Москвада орус бийлиги менен жолуктуЖаңылыктар | 27.10.2023 | ХАМАС Москвада орус бийлиги менен жолуктуАзаттык: Кечки радио эфир | 27.10.2023Азаттык: Кечки радио эфир | 27.10.2023Кызылча жугузгандар көбөйдү, эпидемиологиялык абал курчКызылча жугузгандар көбөйдү, эпидемиологиялык абал курчУкраинадагы өзбектер: Бул жерден кетпейбизУкраинадагы өзбектер: Бул жерден кетпейбизТууну өзгөртүү демилгеси коомчулуктун талкуусундаТууну өзгөртүү демилгеси коомчулуктун талкуусундаТууну өзгөртүү керекпи? АРАЙ КӨЗ ЧАРАЙТууну өзгөртүү керекпи? АРАЙ КӨЗ ЧАРАЙЖаңылыктар | 26.10.2023 | Мадумаров абактан ооруканага которулдуЖаңылыктар | 26.10.2023 | Мадумаров абактан ооруканага которулдуАзаттык: Кечки радио эфир | 26.10.2023Азаттык: Кечки радио эфир | 26.10.2023
Яндекс.Метрика