Загрузка страницы

Болот Назаров - Кул базардан салам | Кыргызстанда жемкорлукка орун жок

Биздин instagram баракчабызга жазылыңыздар - https://www.instagram.com/aytaytdese/

Жана youtube каналыбызга жазылганды унутпаңыз - https://www.youtube.com/channel/UCWrgXNU6_vblOSq3pR34-vg?sub_confirmation=1

Темиров лайф кыргызча - https://www.youtube.com/channel/UCoACgsrEcj8wUO6kdGHnzCg?sub_confirmation=1
Улуу жибек жолунун боюндагы
Уулу бар жетелеген колундагы
Бейишти таманына басып жүргөн
Бир эне сөзүн айтты ойундагы
Ыктай карап сөзүн баштап жибергенде
Ылдый карай шылкыйды мойнум дагы

Беш балам бар чийедей үйүмдө тур
Үйүмда чоң дубалдын түбүндө тур
Орундук аз ордуна койулулбай
Олчойгон түйүнчөктөр түйүндө тур

Эртеден кечке турам келип калаар
Иштетип таман акым берип калаар
Кур кайтсам кул базардан нан табалбай
Курсактан чыккан балдар кейип калаар
Эртеңки жол киреси кемип калаар

Бир башчыны кубалап аткан кезде
Бир уулуман айрылгам ачыгында
Он он беш саат иштечү жүк түшүрүп
Ошондон болуп турчу азыгымда
Акыйкаттын ак туусун кулатпайм деп
Сынып калган, силер үчүн казыгым да
Алдейледим көбөйтүп кыргыз санын
Аман эсен торолтум жатынымда
Соргоктордун түзүшкөн мыйзамынан
Соолуп бара жатышат чатырымда

Чакырыктар бакырыктар сапырыктар
Айкырыктар үйүм тар, эшикте кар
Тажадым мен ойгончу сен
Топурайт жандар токочко зар
Мен эле эмес мен өңдүү мекенемиде
Менденда шору катмар жарандар бар

Көрдүм калыс өткөргөн шайлооңорду
Көркоолор тарп аңдыган жайлоо болду
Жыйылган эли журтум үмүт артып
Жыбыраган партияга талдоо болду
Шайысын бийлик жапкан айрымдарга
Шайлоо боло электе эле майлоо болду

Бул шайлоо элди жайлоо дедик эле
Кулдурай беребизби кемип эле
Оошуп партиядан партияга
Ошолор дайым жүрөт жеңип эле
Отуз жыл каныңарды кактап келген
Ошолордун балдары эми деле
Кенин саткан адамдар элин саткан
Сатып ийет бир күнү сени деле
Көз алдыңда мекениң соолуп атса
Көз жумуп отурабыз эминеге

Билбейм кандай болоор экен айагыңар
Башталды шоу коштогон байаныңар
Башыбызга кайрадан келиптирго
Башынанда оозу чоң байаагылар

Ай силер калкыбызга карекесиңер
Аймактар өнүгүүгө данексиңер
Атайын эл атынан келип алып
Аа силер эмне менен алексиңер
Мөөнөтүң бүткүчөктү майлуу жерден
Мөөнүңөр жарылгыча кересиңер
Шаймансыз кедей элге акча берип
Шайлоонун алдында эле келесиңер
Эшектин тушоосун да чече албасаң
Элиме эмне үчүн керексиңер

Тоок урдап ач бөбөгүн тойгузам деп
Тор артына коңшумдун уулу кетти
Тоо урдап тоготпогон мыйзамыңды
Торойто чапкым келет далай бекти

Соккондор соттолушту байпагыңды
Чапкандар акталышты банктарыңды
Абаке азыр деле көз камандар
Аткарат болуш керек айтканыңды
Бир далай жемкорлорду көзүң көрөт
Бир карап койсоң эле капталыңды
Жолотпо деп жаныңа туугандарды
Жоон топ элим менен айтпадыкпы
Жүздөгөн эл алдында тике карап
Жүрөктөргө жашаттык айтканыңды
Жүздөргө шаң жараткан убадаңдан
Жүздөр көрбөй калса не кайтканыңды
Желелеп ороп алаар жасоолдоруң
Жеп жуутар жемкор бекен байкадыңбы
Ууруларга убакыт бере берген
Ушундай кеңдигиңен аксадыңбы
Ишке салып бекерге кыйнабайлы
Ишке ашыра албаса максатыңды
Байкабай калдың окшойт өзүң дагы
Бул эшиктин кулпусун ачканыңды
Пул базардын кызыгы азгындатып
Кул базардын үмүтүн таптадыңбы

Айт Айт Айт Десе,Болот Назаров

#болотназаров #айтайтдесе #акын

Видео Болот Назаров - Кул базардан салам | Кыргызстанда жемкорлукка орун жок канала Айт Айт Десе
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
18 января 2022 г. 20:30:11
00:04:39
Другие видео канала
С.Жапаровго кудасы катуу айтты. Президент парламентти "никтосуң" дедиС.Жапаровго кудасы катуу айтты. Президент парламентти "никтосуң" дедиАрмандуу айылАрмандуу айылБолот Назаров | Камчыке кара калкыңдыБолот Назаров | Камчыке кара калкыңды“Жубайым экөөбүз үйдө жамакташып айтышабыз” дейт төкмө акын Болот Назаров“Жубайым экөөбүз үйдө жамакташып айтышабыз” дейт төкмө акын Болот НазаровСырдуу учак | Болот НазаровСырдуу учак | Болот НазаровБаткен. Новый формат расследовании Болота Назарова совместно Temirov Live KGБаткен. Новый формат расследовании Болота Назарова совместно Temirov Live KGЭки дос | Болот НазаровЭки дос | Болот НазаровБолот Назаров| ТУУГАНДУУ БИЙЛЕР ТУТАШЫБолот Назаров| ТУУГАНДУУ БИЙЛЕР ТУТАШЫБолот Назаров  | Куу куудаларБолот Назаров | Куу куудаларРасследование про Акылбека Жапарова и его связи с офшорами на Мальте // Болот НазаровРасследование про Акылбека Жапарова и его связи с офшорами на Мальте // Болот НазаровБолот Назаров | СистемаБолот Назаров | СистемаШайлоочу ким, тандоочу ким? Депутаттардан эми эмне күтсөк болот?Шайлоочу ким, тандоочу ким? Депутаттардан эми эмне күтсөк болот?ЖАШТАР || Болот НазаровЖАШТАР || Болот НазаровБолот Назаров - Баурларга | Казак бир туугандарга арнооБолот Назаров - Баурларга | Казак бир туугандарга арнооБолот Назаров || Каргадан шумкар жасап алган менен || Кайрадан бок чокуусун улантпайбыБолот Назаров || Каргадан шумкар жасап алган менен || Кайрадан бок чокуусун улантпайбыБолот Назаров мурдагыдан да катуу,ачуу кайрылды.Аркамдын тешигин аңдыйсыңарБолот Назаров мурдагыдан да катуу,ачуу кайрылды.Аркамдын тешигин аңдыйсыңарАял болсомда эркекче иштейм! Жаңы депутат эски депутатты кызарта койдуАял болсомда эркекче иштейм! Жаңы депутат эски депутатты кызарта койдуБОЛОТ НАЗАРОВ АЧУУ ЧЫНДЫКТЫ АЙТЫП, АГЫНАН ЖАРЫЛДЫ/ АЙТЫШ 2021БОЛОТ НАЗАРОВ АЧУУ ЧЫНДЫКТЫ АЙТЫП, АГЫНАН ЖАРЫЛДЫ/ АЙТЫШ 2021Байлыгын алабыз деп кара жердин... 😢😢😢 | Тоолор ыйы - акын Болот Назаров | Айт айт десеБайлыгын алабыз деп кара жердин... 😢😢😢 | Тоолор ыйы - акын Болот Назаров | Айт айт десе
Яндекс.Метрика