Загрузка страницы

ШОК! ЖЕЛКЕДЕН АЛГАН ЖЕР МАФИЯСЫ #карасуу #мафия #ош #коррупция #атазов #беспредел

Желкеден алган жер мафиясы.
Кара-Суунун бийлиги карапайым элди кордоп жатат
Тээ 2003-жылы Кара-Суу районунун тургундары үлүш жер тилкелерин ошол кездеги айыл өкмөт башчысынан көп өлчөмдөгү акчага сатып алышкан.

Жылдар өтүп, айыл өкмөт башчылары да алмашты. Убакыттын илгерилеши менен, күтүлгөндөй эле, жердин баасы да жогорулап, тактап айтканда жеке турак-жай салууга ылайыкташтырылган тилкелер кымбаттаган. Буга Жогорку Кеңештин депутаты жана айрым адамдар аралашып, мамлекеттик структуралардын бүтүндөй системасын- уруксат берүү флагманы катары пайдаланып, жерди тартып алуу планын иштеп чыкканын жергиликтүү эл айтып чыкты.

Аны аздыр-көптүр кагаз жүзүндө мыйзамдаштырыш үчүн Мамкаттоо жер-жерлерде документтерди, башкача айтканда, 30дан ашык адамдын жашыл китебин алып, жокко чыгарган. Ошондой эле, РИИБдин кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дээрлик бардык жетекчилиги түнү менен курулган үйлөрдү бузуп, курулуштун мыйзамсыздыгын айтышып, бул үлүш жерлердин биринчи кожоюндарын өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланышууда. Өз учурунда алар документтери буга чейин эле жок кылынганын жана чындык алар тарапта болорун билип туруп, азыркы жер ээлерине каршы арыз жазышууда.
“Мамлекет жана анын органдары бүтүндөй коомго кызмат кылат, анын кайсы бир бөлүгүнө эле эмес” деп Конституциянын беренесинде так жазылган. Бирок “Кара-Суу” княздыгында баары тескерисинче. Бул жерде мамлекеттик органдар карапайым калктын кызыкчылыгын коргобой, өздөрүн элита деп санаган белгилүү гана бир ууч топко кызмат кылып келүүдө.
Белгилей кетсек, жерлерин тарттырып, алданган адамдар бул карапайым калк болууда. Тактап айтканда, алар жалгыз бой энелер, көп балалуу үй-бүлөлөр менен аз камсыз болгон жарандар. Алардын тарттырып жиберген жерине, түпкүлүгүндө заманбап район курууга мүмкүн эмес.
Бул жерде айта кетчү жагдай, алданган аялдардын бири жер сатып алууда өзүнө окшогон аялдарга ишенип, жер сатып алуу боюнча документтерди катоодон өткөрбөй , тил кат гана алганын айтат. Эми болсо жер тилкесин саткан тарап аялдын үстүнөн арыз жазып, алдоо жолу менен жер тилкесин ээлеп алган деп доо тагышууда.

Эми талкаланган үйлөрдү алданган эл өз күчү менен калыбына келтирип, аталган меселени Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чечип бере алат деп үмүт артышууда. Анткени Кара-Суу Княздыгындагы баш-аламандыкты чечип берүүгө башкалардын ала келбей калды.
Ош облусундагы Кара-Суу районунун ээн баш бийлигине учурда өлкөдө мыйзамдуу бийлик бар экенин жана акыйкаттыкты орнотууга убакыт келгенин эске салуу керек.
Адам баласы үчүн жер бул - байыртадан бери абдан баалу ресурс болуп эсептелген. Ал үчүн бири-бирин өлтүрүп, алдап, сатууга чейин барышкан. Бирок азыр 21-кылым. Биз цивилизациялуу мамлекетте жашап жатабыз! Ал эми, Кара-Сууну өлкө ичиндеги өлкө деп койсо болот. Анткени ал жакта адаттан сырткары, өзүлөрүнүн мыйзамы өкүм сүргөнсүйт. .
«Кара-Суу» княздыгындагы улуштун алтын жерлери
"Кара-Суудагы шылуун" автору Жогорку Кеңешинин депутатыбы???
30дан ашык жашыл китептерди жок кылуу
Алдамчылар жана жабырлануучулар

Видео ШОК! ЖЕЛКЕДЕН АЛГАН ЖЕР МАФИЯСЫ #карасуу #мафия #ош #коррупция #атазов #беспредел канала KYRGYZ MEDIA
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
13 июля 2022 г. 12:15:16
00:12:16
Другие видео канала
коркпойбуз. бизден коркот  ( ишкерге боштондук)коркпойбуз. бизден коркот ( ишкерге боштондук)Элин жерин сүйүү күнөө эмес Ишкер Илгиз Шаменов го боштондукЭлин жерин сүйүү күнөө эмес Ишкер Илгиз Шаменов го боштондукБизнес на мертвецах или всемогущая кладбищенская мафияБизнес на мертвецах или всемогущая кладбищенская мафияЖетим Тоого кол салабыз деген акмактар коргуло. Силерди Кудай урат☝️🔥.Жетим Тоого кол салабыз деген акмактар коргуло. Силерди Кудай урат☝️🔥.Ылдамдык менен мансабы өскөн МариповЫлдамдык менен мансабы өскөн МариповВ.Маймендеева: УКМК тарабынан катуу басым болуудаВ.Маймендеева: УКМК тарабынан катуу басым болуудаСөз менен эмес, иш менен далилдей турган мезгил келди!-Жолдошбек КожобековСөз менен эмес, иш менен далилдей турган мезгил келди!-Жолдошбек КожобековЖогорку Кеңештин депуттатыгына талапкер Дамира НиязалиеваЖогорку Кеңештин депуттатыгына талапкер Дамира НиязалиеваДамира Ниязалиева жол маселеси боюнчаДамира Ниязалиева жол маселеси боюнча1 5 млн евро алдаткан чет элдик инвестор чырылдап чындык издөөдө1 5 млн евро алдаткан чет элдик инвестор чырылдап чындык издөөдөӨмүрбек Текебаев менен Эдил Байсалов түн жарымда бири-бирине жооп кайтардыӨмүрбек Текебаев менен Эдил Байсалов түн жарымда бири-бирине жооп кайтардыВ здании Союза архитекторов Кыргызстана открыли сексшоп. Архитекторы возмущеныВ здании Союза архитекторов Кыргызстана открыли сексшоп. Архитекторы возмущеныОш шаарындагы "Келечек" базарынан өрт чыктыОш шаарындагы "Келечек" базарынан өрт чыктыМеня больше ничего не связывает с Кыргызстаном, — Рафаэль Физиев больше не будет выступать за КРМеня больше ничего не связывает с Кыргызстаном, — Рафаэль Физиев больше не будет выступать за КРРайым Матраимовго арналган ыр чыктыРайым Матраимовго арналган ыр чыктыАйнекстан ОшАйнекстан ОшСРОЧНО КӨРГҮЛӨ РЕЙДТЕН КОЙТАШТЫКТАР МАШИНА АЙДАБАГЫЛА ДЕДИ!!!СРОЧНО КӨРГҮЛӨ РЕЙДТЕН КОЙТАШТЫКТАР МАШИНА АЙДАБАГЫЛА ДЕДИ!!!ДЕПУТАТ МИНИСТРДИ ЖАСАНЫП КЕЛЕСИҢ ДЕДИ ГО!!!ДЕПУТАТ МИНИСТРДИ ЖАСАНЫП КЕЛЕСИҢ ДЕДИ ГО!!!АЙДООЧУЛАРГА ЭСКЕРТҮҮ КӨРГҮЛӨ!!!АЙДООЧУЛАРГА ЭСКЕРТҮҮ КӨРГҮЛӨ!!!ШОК!!!БИР ЖАРЫМ АЙ ЭЛЕ ИШТЕП ТҮЛЕЕВДИН 8 БАТИРИН САТЫП КАЧЫП КЕТКЕН.ШОК!!!БИР ЖАРЫМ АЙ ЭЛЕ ИШТЕП ТҮЛЕЕВДИН 8 БАТИРИН САТЫП КАЧЫП КЕТКЕН.
Яндекс.Метрика