Загрузка страницы

Сулайманов: "Бабановду "Форумга" эч ким бар деген эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Өмүрбек Бабановдун "Форумдун имаратына мени премьерликке сунуштаган партиялардын макулдашуусу менен бардым" деген билдирүүсүн төгүндөдү.

Депутаттын айтымында, Бабановду өкмөт башчылыкка сунуштаган партиялар анын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, "Форумдун" имаратына барары тууралуу кабарлары болгон эмес:
"Өмүрбек Бабанов аман эле болсун, ар дайым кайсы бир топтун ийгилиги болсо өзүнө ыйгарат. Ийгилик болбой калса, чекеге өзүн алып качат. Ал өзү ушундай экенин Кыргызстан билип калбадыбы. "Ата Мекен", "Бир Бол", "Республика" баштаган бир топ партиянын жаштары Бабановду өкмөт башчылыкка сунушташкан. Премьерликке менин жеке көз карашым боюнча альтернативдүү сунуштар болсо деген элем. Бабанов "мени өзүлөрү сунуштады" деп кийин айтып жатат. Мен премьер-министр болуп, абалдан чыгарып кетет элем деп өзү эле чуркаган. Ошол эле мезгилде белгилеп кетчү нерсе, аны эч ким "Форумдун" имаратына бар деген эмес. Ал партиялар менден суранды деп өз күнөөсүн башкаларга арта салып, суудан кургак чыгууга аракет кылууда".

Саясатчы Өмүрбек Бабанов «Азаттыктын» 2-ноябрдагы «Ыңгайсыз суроолор» программасындагы маегинде 5-октябрдан кийинки өлкөдөгү кырдаалда өкмөт башчылыкка талапкер болгону, мурдагы президент Атамбаев менен "Форум" имаратына, борбордук аянттагы митингге барышы тууралуу суроолорго жооп берген. Анда саясатчы ал күнкү чечимдер өкмөт башчылыкка сунуштаган партия мүчөлөрү менен чогуу кабыл алынганын айткан.

«7-октябрда Алтынбек Сулайманов өзүнүн жардамчысын жөнөтүп «чогулуп, сүйлөшөлү» деген. Ошол жерде Алтынбек Сулайманов, Тилек Токтогазиев, Клара Сооронкулова, Жоодар Шадыканов жана алардын тилектештери болгон. Анан ошол жактан сунуш кылышты. «Сулаймановду спикер кылабыз» дешти. Анан «парламенттик, президенттик шайлоого барбаңыз» дешти», - деген Бабанов.

9-октябрда «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» жана «Республика» партияларынын өкүлдөрү маалымат жыйын куруп, анда "Акыркы үмүт" аттуу саясий бирикме түзүү тууралуу меморандум кабыл алынганын, өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду, биринчи вице-премьер министрликке Тилек Токтогазиевди сунуштап жатканын жарыялашкан.

Бул жыйындан көп өтпөй эле Өмүрбек Бабанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары уюштурган Бишкектеги "Форум" имаратынын алдында Атамбаев менен чогуу олтуруп, "Ала-Тоо" аянтындагы митингге бирге барган.

Видео Сулайманов: "Бабановду "Форумга" эч ким бар деген эмес" канала Azattyk
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
4 ноября 2020 г. 11:23:36
00:04:45
Другие видео канала
Рысалиев: Парламент имаратын «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары оңдосунРысалиев: Парламент имаратын «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары оңдосунЭми Кыргыз эли башын көтөрүп жашайт! Жээнбековдун туугандары бийликтен тазаланат!Эми Кыргыз эли башын көтөрүп жашайт! Жээнбековдун туугандары бийликтен тазаланат!АЛТЫНБЕК СУЛАЙМАНОВ: ӨМҮРБЕК БАБАНОВ АМАН ЭЛЕ БОЛСУН!АЛТЫНБЕК СУЛАЙМАНОВ: ӨМҮРБЕК БАБАНОВ АМАН ЭЛЕ БОЛСУН!Садыр Жапаров БОЗУМЧАК алтын КЕНДИН жанына ЭЛДИ чогултуп СУРООЛОРГО жооп БЕРДИ-ВИДЕО #АкыркыКабарларСадыр Жапаров БОЗУМЧАК алтын КЕНДИН жанына ЭЛДИ чогултуп СУРООЛОРГО жооп БЕРДИ-ВИДЕО #АкыркыКабарларАзык-түлүктүн баасы асмандадыАзык-түлүктүн баасы асмандадыЗулушев: Башкы прокуратура саясатка аралашпайтЗулушев: Башкы прокуратура саясатка аралашпайтСадыр Жапаров ӨКМӨТ үйүндө МАЕК берип -Бабанов+Атамбаев БИРИГИП ага КАРШЫ чыкканын ТОЛУК айтып БЕРДИСадыр Жапаров ӨКМӨТ үйүндө МАЕК берип -Бабанов+Атамбаев БИРИГИП ага КАРШЫ чыкканын ТОЛУК айтып БЕРДИСАДЫР ЖАПАРОВ СҮЙЛӨГӨНДӨ ЭЛ ЫЙЛАП ЖИБЕРДИ //  МЫНА ЧЫНЫГЫ ПРЕЗИДЕНТСАДЫР ЖАПАРОВ СҮЙЛӨГӨНДӨ ЭЛ ЫЙЛАП ЖИБЕРДИ // МЫНА ЧЫНЫГЫ ПРЕЗИДЕНТЧУКУЛ КАЙРЫЛУУ! С.ЖАПЫКЕЕВ ИШИ БОЮНЧА ОТЧЕТ БЕРДИ! БААРЫН КУСТУРАБЫЗ! КЕЗЕГИ МЕНЕН ДЕП....ЧУКУЛ КАЙРЫЛУУ! С.ЖАПЫКЕЕВ ИШИ БОЮНЧА ОТЧЕТ БЕРДИ! БААРЫН КУСТУРАБЫЗ! КЕЗЕГИ МЕНЕН ДЕП....Нышанов: Парламентти жетекчилер жаманатты кылдыНышанов: Парламентти жетекчилер жаманатты кылдыАлтынбек Сулайманов: "Биз, өнүккөн өлкөлөрдөй реформаларга муктажбыз"Алтынбек Сулайманов: "Биз, өнүккөн өлкөлөрдөй реформаларга муктажбыз"ЖАПАРОВГО КАЙРЫЛГАН ИШКЕР - ЖАРДАМ СУРАП ЫЙЛАП ЖИБЕРДИ!ЖАПАРОВГО КАЙРЫЛГАН ИШКЕР - ЖАРДАМ СУРАП ЫЙЛАП ЖИБЕРДИ!Бабанов саясатка кайттыбы? (өзүнүн жообу)Бабанов саясатка кайттыбы? (өзүнүн жообу)САДЫР ЖАПАРОВ ОШ ШААРЫНА КЕЛДИ! ТАРЫХТА МЫНДАЙ ЭЛ ЧОГУЛГАН ЭМЕС БОЛЧУСАДЫР ЖАПАРОВ ОШ ШААРЫНА КЕЛДИ! ТАРЫХТА МЫНДАЙ ЭЛ ЧОГУЛГАН ЭМЕС БОЛЧУСаясий кырдаал: Мыйзам жана талапСаясий кырдаал: Мыйзам жана талапАлтынбек Сулайманов: Кыргызстандагы 100 байдын катарына кирбеймАлтынбек Сулайманов: Кыргызстандагы 100 байдын катарына кирбеймСалымбеков: Пайгамбар 10 ырыскынын тогузу соодада деп айтканСалымбеков: Пайгамбар 10 ырыскынын тогузу соодада деп айтканСадыр Жапаров - айымдын суроосуна  ӨЧҮРӨ ЖООП БЕРИП САЛДЫСадыр Жапаров - айымдын суроосуна ӨЧҮРӨ ЖООП БЕРИП САЛДЫТалкаланган АК ҮЙДҮ көрүп КЫДЫРГАН жаңы СПИКЕР Талант Мамытов УШУНДАЙ деди - ВИДЕО | #АкыркыКабарларТалкаланган АК ҮЙДҮ көрүп КЫДЫРГАН жаңы СПИКЕР Талант Мамытов УШУНДАЙ деди - ВИДЕО | #АкыркыКабарларЖогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы менен ТҮЗ ЭФИРЖогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы менен ТҮЗ ЭФИР
Яндекс.Метрика