Загрузка страницы

|АЖООБУЗГА ЫРААЗЫМЫН🇰🇬🇸🇩

Палестина элине жан тартып сүйлөгөн ажобузга ыраазымын, Аллах-Таала да андан ыраазы болсун! Туура, Палестина эли өзүнүн мамлекетине ээ болууга 1948-жылдан бери укуктуу. Ажобуз Израилди ачык эле “баскынчы” дегени мени аябай кубандырды.
Ажобуз гуманитардык жардам берүүгө Кыргызстан даяр экенин да ушундай чоң жыйында айтканы туура болду. Коңшу өлкөлөр, мисалы, ошондой жардам беришти: Казакстан - 1 млн $ жана Өзбекстан - 1,5 млн $.
Биз дагы, ЭрК партиясы жана “Ак-Ниет садака” кайрымдуулук фонду менен ошол мааниде мыйзамга таянып бийликтен уруксат алып Бишкекте 28-октябрда жана Ошто 5-ноябрда эки митинг өткөрдүк: Палестинанын шейиттерине Куран окуудан жана Израилди агрессор деп Палестина элине саясий-моралдык колдоодон тышкары акчалай 1 млн 500 миң сом да чогулттук.
Эң негизи: Палестина маселеси боюнча Кыргызстандын эли менен башчысынын ою бир экендиги! Палестинага - боштондук, геноцидке - жок, агрессияга - стоп, Палестина мамлекетине - ооба!!! 🇰🇬🤝🇵🇸
@tursunbai_bakir_uulu
@bakytbek_moidunov

Видео |АЖООБУЗГА ЫРААЗЫМЫН🇰🇬🇸🇩 канала Бакытбек Мойдунов
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
12 ноября 2023 г. 7:21:38
00:04:18
Яндекс.Метрика