Загрузка страницы

Энергетика министри электр энергиясына болгон тарифтин өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев электр энергиясына тарифтин өзгөрүшү социалдык тармактагы баракчасына пикирин билдирди. Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга Тарифтик саясаттын орто мөөнөттүү стратегиясына ылайык электр энергиясына тарифти жыл сайын инфляциянын деңгээлине жараша өзгөртүү каралган. Ушул жылдын биринчи майынан баштап жогорулатуу 10,8 пайызды же 11 тыйынды түздү. Жыл сайын жогорулатуу боюнча чаралар акырындык менен электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымдарды керектөөчүлөр үчүн тарифтерге теңдештирүү зарылдыгы менен шартталган. Өткөн 2023-жылы электр энергиясынын бир кВт/с өздүк наркы 2сом 41 тыйын болсо, керектөөчүлөр 1-майга чейин 1 сомдон төлөгөн. 700 кВт/саатка чейин коюлган градацияны эске алуу менен тартыштык орточо алганда 1 сом 34 тыйын болгон. Ар бир колдонулган кВт/саат электр энергиясы көйгөй жаратып, ал жыл сайын тездик менен топтолуп келе жатат. Күз жана кыш мезгилдериндеги чоң күч келгенде жабдууларды даярдоого кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн Министрлер Кабинети бюджеттен бөлүп берет. Ошону менен, жаңы мектептерди, ооруканаларды, жолдорду жана башка маанилүү долбоорлорду курууга делген мамлекеттин каражаты энергетикага жумшалып, көйгөйлөр чечилбей келет. Энергетикалык компаниялар жаңы ГЭСтерди курууну пландабай калышкан, алар болгону эбак эле мөөнөтү бүткөн жабдууларды оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат.Тарифтерди акырындык менен жогорулатууну азыртан баштабасак, бир нече жылдын ичинде электр энергиясынын өздүк наркына тең келтирбесек, анда энергетика системасынын негизги жабдууларынын толук иштен чыгуу коркунучу пайда болот. Экономикалык өнүгүүнүн негизи болгон тармак колдоого муктаж. Керектөө жыл сайын 9-10% га өсүп, ал эми жаңы кубаттуулуктар киргизилген жок. Баарыбызга белгилүү болгондой, азыркы учурда энергетика тармагында электр энергиясынын тартыштыгы жыл сайын 3,5 млрд. кВт/саатты түзөт. Биздин жарандардын көпчүлүгү үчүн 11 тыйын олуттуу сумма эмес деп ойлойм. Социалдык коргоого муктаж болгондор үчүн 1 кВт/с - 55 тыйын болот. Ал эми бийик тоолуу райондордо 700 кВт/с чектөө жок. Бул райондордун жашоочулары 1 сом 11 тыйын төлөшөт,- деген Таалайбек Ибраев.

Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз

Facebook - https://www.facebook.com/UTRKkg

Youtube (УТРК) - https://www.youtube.com/@UTRKkgchannel/streams

Instagram - https://www.instagram.com/utrk_live/?igshid=YmMyMTA2M2Y%3D

Телеграм - https://t.me/ktrk_live

Видео Энергетика министри электр энергиясына болгон тарифтин өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди канала Ала-Тоо 24
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
5 мая 2024 г. 12:10:07
00:02:19
Другие видео канала
Бишкекте жолдор убактылуу жабылатБишкекте жолдор убактылуу жабылат“Азия жолборсу” атыккан өлкө Кыргызстанга инвестиция сала баштайбы?“Азия жолборсу” атыккан өлкө Кыргызстанга инвестиция сала баштайбы?Кыргызстан-Малайзия: Кол коюлган документ - мамилелерди өнүктүрүүнүн жол картасыКыргызстан-Малайзия: Кол коюлган документ - мамилелерди өнүктүрүүнүн жол картасыБишкекте "Наристе" III эл аралык фестивалы өтөт | Ала-Тоо LIVE | 27.05.2023Бишкекте "Наристе" III эл аралык фестивалы өтөт | Ала-Тоо LIVE | 27.05.2023Мэриянын кызматкерлери коомдук транспорт менен каттоодоМэриянын кызматкерлери коомдук транспорт менен каттоодоПрезидент Садыр Жапаровдун катышуусунда балдардын Жаңы жылдык балатысыПрезидент Садыр Жапаровдун катышуусунда балдардын Жаңы жылдык балатысыВнешняя торговля Кыргызстана за январь-март 2023 года выросли на 25,4%Внешняя торговля Кыргызстана за январь-март 2023 года выросли на 25,4%Европанын асыл тукум уйларынан чарба түптөгөн КубанычбекЕвропанын асыл тукум уйларынан чарба түптөгөн КубанычбекМалайзиялык мейманды таң калтырган этномаданий программаМалайзиялык мейманды таң калтырган этномаданий программаАкылбек Жапаров "Кыргыз темир жолу" ишканасына атайын техникаларды тапшырдыАкылбек Жапаров "Кыргыз темир жолу" ишканасына атайын техникаларды тапшырдыТИМ жалган маалымат таратпоого чакыратТИМ жалган маалымат таратпоого чакыратЖер семирткич өндүрүүчү завод курулатЖер семирткич өндүрүүчү завод курулатГүлнара Баатырова: "Кыргызстанда жумуш орундары көп, бирок жумушчу жок"Гүлнара Баатырова: "Кыргызстанда жумуш орундары көп, бирок жумушчу жок"Кыргызстанда учурда 30га жакын чакан ГЭС курулуудаКыргызстанда учурда 30га жакын чакан ГЭС курулуудаВ Кыргызстан с официальным визитом прибыл Премьер - министр МалайзииВ Кыргызстан с официальным визитом прибыл Премьер - министр Малайзии"Манас" аба майданында жардыруучу зат табылган жок"Манас" аба майданында жардыруучу зат табылган жокЧолпон Баекова Тунгуч Конституция кантип абыл алынганын айтып бердиЧолпон Баекова Тунгуч Конституция кантип абыл алынганын айтып бердиНарын: түтүктөр түздөлүп, суу тазаратНарын: түтүктөр түздөлүп, суу тазаратБаштапкы төлөмү жок ипотекага кантип үй алса болот?Баштапкы төлөмү жок ипотекага кантип үй алса болот?Н. Исанов - өмүрү өрнөк инсанН. Исанов - өмүрү өрнөк инсанСадыр Жапаров БУУнун башкы катчысынын орун басарын кабыл алдыСадыр Жапаров БУУнун башкы катчысынын орун басарын кабыл алды
Яндекс.Метрика