Загрузка страницы

Күн орбитасы тууралуу Куранда айтылганбы?

Асманды карасак ордунда тургандай көрүнөт. Жер шары, күн баары кыймылсыздай туюлат. Галлактикабыздагы чоң кыймыл аракет телескоп пайда болгондон кийин билине баштаган. Ага чейин Европа илимпоздору “жер ордунда эле турат, а.э. күн жерди айланат”-деп божомолдошкон.
Мусулмандардан чыккан атактуу илимпоздор Мухаммед бин Ахмед ал-Беруний, Муха́ммад ибн Джаби́р ал-Баттаний, Ахмед бин Мухаммед ас-Сижий, Жафар бин Мухаммад бин Жарир сыяктуу аалымдар жердин айлануусу тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзүп, баалуу эмгектерди калтырып кетишкен. Бул улуу илимпоздордун чыгармаларын изилдеп, 5-6 кылымдан кийин Галилей, Кеплер, Коперниктер “Күн ордунда турат, а. э. Жер аны айланып турат”-деген божомолго келишкен. Бирок бул үч илимпоз күндүн да өз орбитасында айланып турган бир жылдыз экенин билишпейт эле. Жаңы телескоптордун пайда болуусу жана астрономиянын өнүгүшү менен күндүн да бир ордунда турбаары, өз орбитасында айланаары а. э. жер шары болсо ошол өз орбитасында айланып жүргөн күндү айланаары ачыка чыгат.
Күн айланасындагы планеталар менен бирге саатына 720 000 км ылдамдыкта Апекс деп аталган орбита менен Вега жылдызын карай учуп баратат. 20-21 кылымдын өнүккөн астрономиясы араң изилдеп жеткен бул ачылыш болсо ыйык Куранда кантип сүрөттөлгөн? Келиңиздер карап көрөлү. Йасин сүрөсүнүн 38-аятында Аллах Таала мындай деп айтат.
“Күн, өзүнө белгиленген орунда гана (айланып) жүрөт. Бул – Кудуретүү, Билүүчүнүн тагдыр кылганы.” (Йасин сүрөсү 38-аят)
Бул аятта күндүн өзүнүн белгиленген ордунан адашпастан, өйдө-ылдый, оңго солго, алдыга же артка жылып кетпестен, бир туруктуу багытта айланаары айтылууда. Б.а. күндүн өзүнүн жолу сыяяктуу болгон орбитасы тууралуу ачык, кереметтүү түрдө кабар берүүдө.
Ошол эле Йасин сүрөсүнүн 40-аятында болсо:
“Күн (өз айлануусунда) Айга жетиши мүмкүн эмес, түн дагы күндүздөн озуп кете албайт. Бардыгы асманда (өз орбитасында) сүзүп жүрүшөт.» (Йасин сүрөсү 40-аят)-деп айтылат.
Бул жерде “күн менен ай бири-бирине жетпейт”, деп айтыш менен күн системасындагы тартиптүү кыймыл-аракет тууралуу сөз болуп жатат. Ошол эле кезде “түн да күндүздөн озуп кете албайт”, деп айтыш менен жер шарынын тоголок болгондугуна ишаарат кылууда. Жердин шар формасында болгондугун далилдеген Курандын илимий аяттары тууралуу мурдагы видеотасмаларыбызда айтканбыз. Каалоочулар ошол видеодон кененирээк маалымат алсаңыздар болот. А биз сөзүбүздү улайлы. Аяттын уландысында “Булардын баары б.а. күн, ай, жер өз огунда жана орбитасында сүзүп жүрөт, айланып жүрөт”, деп айчык эле айтууда. Бул аяттар чынында керемет аяттар. А.э. Анбия сүрөсүнүн 33-аятында болсо:
«Ал күндүз менен караңгылыкты, Күн менен Айды жаратты. Бардыгы асманда сүзүп (өз орбитасында) жүрүшөт.» (Анбия сүрөсү 33-аят)-деп айтылат. Бул жерде да күн системасынын өз нугунда тартиптүү айланып, жылышы тууралуу айтылууда.
Саффат сүрөсүнүн 5-аятында болсо:
“(Ал) асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси. Жана Ал чыгыштардын (жана батыштардын) да Раббиси!”-деп айтылат.
Бул жерде “чыгыштардын жана батыштардын Раббиси”, деп т.а. Күндүн чыккан жана баткан жерлери көптүк түрдө айтылууда. Күн таң эрте чыгат жана кечинде батат. Бирок бир эле жерден чыгып, бир эле жерге баткан жок. Тескерисинче күнүнө башка-башка жерлерден чыгып кайра батууда. Демек бул аят жер шарынын тоголок болгондугуна, өз огунда, күн системасында айланаарына жана күн да өз орбитасында айланаарына кереметтүү түрдө ишаарат кылат.
Оо менин бир тууганым! Азыр акылдын, логиканын, илим-технологиянын доору. Ал эми Куран акыйкаттары болсо жан-дүйнөнүн жана акылдын азыгын өзүнө камтыган бир китеп. Мындай жан дүйнө азыгына мутаж болгон технократиялык бир доорго албетте Куранды өкүмү гана өкүмдарлык кыла алат. Болгону биз ага тез-тез кайрылып турушубуз керек. Ар бир кесип ээси өз кесибинин көзү менен Куран деңизинен улуу акыйкат тамчыларын, сырларын сууруп чыгып, аны изилдөө менен динге кызмат кылса бул максатка ылайык бир амал болот.

Видео Күн орбитасы тууралуу Куранда айтылганбы? канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
24 октября 2020 г. 20:00:14
00:05:15
Яндекс.Метрика