Загрузка страницы

Тажикстандык кыргыздардын жайлоодогу жашоосу кандай?

Тажикстандык Лахш(Жерге-Тал) районунун Кашка-Терек айылынан орун алган Кызыл-Бел жайлоосундагы этникалык кыргыздар боюнча сөз кылабыз.
Аталган айылда чоңоюп, учурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуп жаткан Жамшед Худайкулов айылына болгон сапарында Кызыл-Бел жайлоосундагы туугандары менен амандашып, алардын жашоосун тасмага тартып келген. Анын айтымы боюнча Кызыл-Бел жайлоосундагы этникалык кыргыздардын жашоосун баяндайбыз.
Кызыл-Бел жайлооосунда 20дан ашуун үй-бүлө жайкы жашоосун улантат деп сөзүн баштады Ж. Худайкулов. Дээрлик 5 жылдан бери Ош шаарында окуп жаткан Жамшед жайлоодогу элдин жашоосун алгач жайлоонун табиятын баяндоо менен баштады.
«Айланасын анча бийик эмес тоолор куурчаган жайлоонун табияты адамга кубат тартуулайт... Тээ алыскы кырка тоолор айлананы туңгуякка бөлөгөн туманга тушалып, араңдан көрүнүп тургансыйт. Айрыкча төрт мезгилдин жаз айларында эне табияттын кооздугу ансайын көздүн жоосун алат. Туманга чулганган кырка тоолорго катар уланган тоолордун чокусуна атам замандан бери эзели чөп баш бакбаган. Ага улай катар тизилген тоолор күндөн тапталган денесинин табын жайлоого чачкансыйт. Андан төмөн көздөй аккан суу дал жайлоочулардын боз үйүнүн жанынан өтүп, жайлоодогу аруулукту ого бетер даңазалагансыйт. Мына ушундай көркөм табияттын кучагындагы адамдардын жашоосу эзелки көчмөн калктын жашоо образын туюнтуп турат»,-деди ал.
Жергиликтүүлөр жайлоодо мал чарбасы менен алектенишет.
«Кызыл-Бел жайлоосуна Кашка-Терек айылынан 20дан ашуун адам жаз айында көчүп чыгат. Жайлоодогу калктын негизи чарбасы мал чарбасы болуп саналат. Ар бир адамда 10дон ашуун сан уйлар бар. Жергиликтүүлөр жайлоодо уйлардын сүтүнөн быштак, курут, чөбөгө, май жана башкаларды жасашат. Айрыкча алар курут жасап, аны базарга сатышат. Базардын алыстыгы айылдан 10 мүнөттүк жол»,-деди ал.
Жайлоодогулар жума сайын бири-бирин конкокко чакырышат.
«Жайлоого чыккандан сүттөн тамактарды жасашып, жума сайын бири-бирин конокко чакырышат. Алар малдан башка, майда жандыктарды да багышат. Бирок, алар аз санда гана. Ар бир үй-бүлөдө жок дегенде 1-2ден жылкылар бар. Жылкылар кышка чейин талаада жүрүшөт. Жайлоодогулар конокко баргандар сөзсүз «домбранын» коштосунда ыр ырдашат. Жергиликтүүлөрдүн диалектиси Баткен диалектисине окшош»,-деди ал.

Видео Тажикстандык кыргыздардын жайлоодогу жашоосу кандай? канала Aimak Akipress
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
2 июля 2018 г. 16:27:21
00:02:32
Другие видео канала
Мекенине кайткан этникалык кыргыздардын жашоо шарты / Жумалык / НТСМекенине кайткан этникалык кыргыздардын жашоо шарты / Жумалык / НТСКЫЗ УЗАТУУ  (Жерге тал) дан Келген салтКЫЗ УЗАТУУ (Жерге тал) дан Келген салтТопоздор, карышкырлар жана кар. 3000 метр бийиктиктеги жашооТопоздор, карышкырлар жана кар. 3000 метр бийиктиктеги жашооАлтайдагы кыргыздарАлтайдагы кыргыздарЭлектр жарыгы жок жашап келген Ак-Көл айылы / Элет / НТС - КыргызстанЭлектр жарыгы жок жашап келген Ак-Көл айылы / Элет / НТС - КыргызстанКак живут кыргызы в Джергетале (Лахше)? Таджикистан.Как живут кыргызы в Джергетале (Лахше)? Таджикистан.ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРДЫН  ЖАШООСУ // КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫГЫПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАШООСУ // КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫГЫафган, тажик кыргыздарыафган, тажик кыргыздары"Кыз-жигит" Сармерден: Кытайлык кыргыз мырзалар менен Чүй-Токмоктун айымдары"Кыз-жигит" Сармерден: Кытайлык кыргыз мырзалар менен Чүй-Токмоктун айымдарыЛегендарлуу парламенттин депутаты Керимкул Карабаевдин бюсту орнотулдуЛегендарлуу парламенттин депутаты Керимкул Карабаевдин бюсту орнотулдуШЫРДАК ЖАСАГАНДЫ ҮЙРӨНГҮҢҮЗ КЕЛЕБИ? \\ 26.09.2019 \\ Апрель ТВШЫРДАК ЖАСАГАНДЫ ҮЙРӨНГҮҢҮЗ КЕЛЕБИ? \\ 26.09.2019 \\ Апрель ТВУрочище Абшир-Сай | Водопад Абшир-Ата | Кыргызстан | 360°Урочище Абшир-Сай | Водопад Абшир-Ата | Кыргызстан | 360°Той Жергетал 2020 Туй Сижоидин.Кашкатерек.Н.Лахш.Чиргатол.Wedding in TajikistanТой Жергетал 2020 Туй Сижоидин.Кашкатерек.Н.Лахш.Чиргатол.Wedding in TajikistanБООРДОШ  КЫРГЫЗДАР КАНТИП КЕЛИШТИ КОРYНYЗБООРДОШ КЫРГЫЗДАР КАНТИП КЕЛИШТИ КОРYНYЗКытайлык этникалык кыргыздардын Кыргызстандагы сапарыКытайлык этникалык кыргыздардын Кыргызстандагы сапарыПамирлик боордоштордун Алайдагы жашоосуПамирлик боордоштордун Алайдагы жашоосуКөрсөң ыйлайсың / Памирлик кыргыздардын жашоосу / Атайын экспедицияКөрсөң ыйлайсың / Памирлик кыргыздардын жашоосу / Атайын экспедицияМенин  Айылым Жошолуу 03,06,18Менин Айылым Жошолуу 03,06,18Той Жергетал.Туй Сиёвуш-2.Свадьба.Н.Лахш.Чиргатол.Wedding in TajikistanТой Жергетал.Туй Сиёвуш-2.Свадьба.Н.Лахш.Чиргатол.Wedding in Tajikistan
Яндекс.Метрика