Загрузка страницы

Баткендик жеке ишкер өз каражатына чакан ГЭС курууда

Баткендик жеке ишкер өз каражатынан 70 млн сомго чакан ГЭС курууда. Учурда башталган иш 60 пайызга аткарылып, келечекте суусуз жаткан жерлер өздөштүрүлөт. Анткени ГЭС ишке кирсе Козу-Баглан дарыясынан насос аркылуу суу чыгарууга болот. Баткен облусунун аймагындагы дарыялар тоолуу аймактан агып өткөндүктөн, сугат суу үчүн 10 пайызын гана пайдаланууга мүмкүнчүлүк бар. Жеке ишкер дарыянын суусун дагы да көбүрөөк пайдалануу үчүн бел байлаган.

Лейлектик жеке ишкер Асан Халбеков дарыялардын пайдаланылбай агып жатканына өкүнөт. “Даяр суу бар бирок миңдеген гектар жерлер суусуз куурап жатат”- дейт. Тоолу аймактан өткөн дарыя суусун чыгарууга дыйкандарда мүмкүнчүлүк жок. Ошол себептүү жеке ишкер өз каражатынан чакан ГЭС куруп насос аркылуу суу чыгарууну колго алган.

Башталган жумуш 60 пайызга аяктап калды. Чет өлкөдөн 30 млн сомго жабдыктар алынып келинген. 2 чакырым каналды куруу жумуштары да жүрүп жатат. Чакан ГЭСти куруу үчүн эле 70 млн сом коротулат. Ал үчүн жеке ишкер көмүр өндүрүүчү шахтадан тапкан кирешесин жумшап жатканын билдирди. Мындан сырткары Ак-Суу дарыясына да ГЭС куруу үчүн долбоор даярдаган.

Булардын баары ишке ашса дарыянын эки жээгиндеги миңдеген гектар жерлерге суу чыгарса болот. Бул жергиликтүүлөрдүн жашоо шартынын жакшыртылышына таасири тийип, ал эле эмес Лейлек районунун экономикалык жактан өнүгүүсүнө да салым кошулат. Аймактардын өнүгүүсү артыкчылыктуу багыттардын бири.

Чакан ГЭС 0,7 мегаватт кубаттуулукта болуп, 2020-жылы пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Учурда 10 адам жумуш менен камсыз болгон. Келечекте 20 туруктуу жумуш оруну түзүлүп, жумушсуздуктун жана сырткы миграциянын санынын азайышына да себеп болот.

Видео Баткендик жеке ишкер өз каражатына чакан ГЭС курууда канала Ала-Тоо 24 - Новости Кыргызстана
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
23 августа 2019 г. 20:31:22
00:02:36
Другие видео канала
Усталарын чет өлкөдө эс алдырган жаш ишкерУсталарын чет өлкөдө эс алдырган жаш ишкерАйылды шаарга айланткан ишкерАйылды шаарга айланткан ишкерТабышкер студенттин табылгаларыТабышкер студенттин табылгаларыӨз чыйырын издеген жаш чеберлерӨз чыйырын издеген жаш чеберлер"Азаттык+": Айылда акча тапкандар"Азаттык+": Айылда акча тапкандарТок менен жүгүргөн темир тулпарТок менен жүгүргөн темир тулпарӨндүрүштү көтөргөн аялдарӨндүрүштү көтөргөн аялдарЖаш миллионерлерЖаш миллионерлерСегодня в Бишкеке прошла церемония прощания с заслуженным деятелем культуры Тенти ОрокчиевымСегодня в Бишкеке прошла церемония прощания с заслуженным деятелем культуры Тенти ОрокчиевымЖЕКЕ ИШКЕР...ЖЕКЕ ИШКЕР...БЕЛЕСке бардыңыз беле?  |  Баткен  |  ЛейлекБЕЛЕСке бардыңыз беле? | Баткен | ЛейлекМуктаждар Комплексине Бугун 8000кирпич келди!Ушул Видеону көргөндөрле 1кирпичтен кошсо,Бүтүп калмак.Муктаждар Комплексине Бугун 8000кирпич келди!Ушул Видеону көргөндөрле 1кирпичтен кошсо,Бүтүп калмак.Айыл чарба азыктарынын баасы жогорулап жататАйыл чарба азыктарынын баасы жогорулап жататПолучателями кредитов до 100 тысяч сомов являются граждане, не имеющие постоянного доходаПолучателями кредитов до 100 тысяч сомов являются граждане, не имеющие постоянного доходаТамашоучу  МУРАТ ЖАЛИЕВ  ИЧИП КЕТКЕНБИ? Үйүнөн маек алдыкТамашоучу МУРАТ ЖАЛИЕВ ИЧИП КЕТКЕНБИ? Үйүнөн маек алдыкЖаш ишкерЖаш ишкерАкчаны кантип үнөмдөп, топтойбуз? / «Ачыгын айтканда» ток-шоусу / НТСАкчаны кантип үнөмдөп, топтойбуз? / «Ачыгын айтканда» ток-шоусу / НТСКарыз алып бизнес баштадым дейт | Бизнес нөлдөн ОНЛАЙН тренингиКарыз алып бизнес баштадым дейт | Бизнес нөлдөн ОНЛАЙН тренингиМайыптыкка моюн сунбаган ТалантМайыптыкка моюн сунбаган ТалантЧакалап сугарган жүзүмдөрүнөн байыган кадамжайлык багбанЧакалап сугарган жүзүмдөрүнөн байыган кадамжайлык багбан
Яндекс.Метрика