Загрузка страницы

Булбулум ай Элмира Кайып кызы автор Элмирбек Иманалиев

Ар  кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Кайырма:

Булбулум, булбулум ай,
Буулуккан кургурум ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча, ай,
Булбулум, булбулум ай?

Жаңшайсың жаш булбул токтобогон,
Жашоодо жан жок эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка, эй окшобогон.

Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулугам булбулдай сени жоктоп,
Буйруксуз сүйүүмдү жектеп алып.

Кайырма:

Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Видео Булбулум ай Элмира Кайып кызы автор Элмирбек Иманалиев канала Elli Alikovna
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
4 апреля 2020 г. 23:15:46
00:04:23
Яндекс.Метрика