Загрузка страницы

Таласта курулуп башталган "Чыңгыз Ордо" башталбай жатып ташталды, чекесинен урап жатат

“2018-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Таласка келип, Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени – Шекер айылына чейин кирип ““Чыңгыз ордо” комплексин куралы, ал жерге Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотолу, улуу жазуучунун бүт адабий жана маданий мурасын ошол жерге чогулталы”, - деп жакшы демилге көтөргөн эле. Мыктыны мыкты деш керек. Сөзүнө туруп, биринчи транш деп 65 млн сом да бөлдүрүп берген”, - деп билдирди Апрель баатыры, экс-аким Төлөгөн Наралиев.
“Ал акча 2019-жылы Талас облустук Капиталдык курулуштар башкармалыгынын эсебине келип түшкөн. Курулуш башталган. Анан эле жергиликтүүлөрдөн ар түрдүү оюндар, схемалар чыга баштады. Талас УКСи Чыңгыз Айтматовдун эстелигине кыргыз скульпторлорунун арасында сынак жарыяламак, ким жакшы эстеликтин долбоорун сунуш кылса ошол сынактын жеңүүчүсү болуп, акчалай сыйлыгын алмак. Бирок кайдан-жайдан КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков ортого аралаша калды да Ростов-на-Донудагы бир эмгек мигранттары заказ кылган Чыңгыз Айтматовдун даяр эстелигин 2,5 млн сомго арзан сатып алууну сунуштай коюп, Талас УКС ошол эстеликти сатып алып келишти. Ал эстелик тендерсиз жасалгандыктан сапаты жана көркөмдүгү жагынан Шекерликтерге жаккан жок. “Эстеликтин денеси - Пушкиндин эле денесине Чыңгыз Айтматовдун башын чаптап койгондой болуп калыптыр. Айтматовдун дене түзүлүшү мындай эмес. Анан калса жасалган материалы да чирип, сынып, тешилип калган. Араң эле турат” дешип, эмгек мигранттары менен депутат Момбеков алып келген эстеликти жактырбай коюшту. Бирок 2,5 млн сом кетти. Аңгыча бөлүнгөн 65 млн сомдун 31 млн сому иштетилди деп отчет берилгенде финансылык мыйзам бузуулар чыгып, Эсеп палатасы жана прокуратура текшерип, иштердин баары токтоп калды. Мына, эми эки жылдан бери жаңыдан курула баштаган комплекс четинен урай баштады. Бул кейпинде Чыңгыз Айтматовдун арбагынын астында да уят болот окшойбуз. Баса, анын 95 жылдык юбилейи да жакындап келе жатат. Ага чейин бүткөрүп койсок жакшы болот эле”, - деди тынчсызданган Төлөгөн Наралиев.

Видео Таласта курулуп башталган "Чыңгыз Ордо" башталбай жатып ташталды, чекесинен урап жатат канала Kyrgyztoday kg Кыргызстан бүгүн
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
18 июня 2021 г. 18:47:41
00:02:25
Другие видео канала
Талант Мамытов: "Кой-Таштагы өзгөчө оор кылмышка шектелген адам парламентте элди дүрбөтүп жатат"Талант Мамытов: "Кой-Таштагы өзгөчө оор кылмышка шектелген адам парламентте элди дүрбөтүп жатат""Депутаттар Каныбек Иманалиев менен Мирлан Бакиров жаңгак токойун сатып жатышат деп чыгып жатат""Депутаттар Каныбек Иманалиев менен Мирлан Бакиров жаңгак токойун сатып жатышат деп чыгып жатат"Таластагы Шекер айылында курула турган Чынгыз Айтматовдун эстелиги боюнча чуу чыктыТаластагы Шекер айылында курула турган Чынгыз Айтматовдун эстелиги боюнча чуу чыктыУлуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт кыргызстандык айымдарды кыргызча куттуктадыУлуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт кыргызстандык айымдарды кыргызча куттуктадыКемел Ашыралиев бүгүн А.Жумагулов менен К.Жумалиевди бирөөлөрдүн аялын тартып алышкан деп айыптадыКемел Ашыралиев бүгүн А.Жумагулов менен К.Жумалиевди бирөөлөрдүн аялын тартып алышкан деп айыптадыПрезидент Сооронбай Жээнбеков казак жана өзбек лидерлерин тосуп алдыПрезидент Сооронбай Жээнбеков казак жана өзбек лидерлерин тосуп алдыЫсык-Көлдүн картошкасынын дүң баасы 6 сомдон 27-30 сомго чейин кескин көтөрүлүүдөЫсык-Көлдүн картошкасынын дүң баасы 6 сомдон 27-30 сомго чейин кескин көтөрүлүүдөАнвар Артыков: "Биз тактиканы кармап, бири-бирибизге тийишпей сүйлөйлү"Анвар Артыков: "Биз тактиканы кармап, бири-бирибизге тийишпей сүйлөйлү"Санжар Мыкыев: "Чыпалак батырдын чыпалагы ишке жарабай калган"Санжар Мыкыев: "Чыпалак батырдын чыпалагы ишке жарабай калган"Айсулуу Мамашова: “13 жаштагы кызды зордуктаган 22 жаштагы баланы эркиндикке чыгарып коюшту”Айсулуу Мамашова: “13 жаштагы кызды зордуктаган 22 жаштагы баланы эркиндикке чыгарып коюшту”Алтынай Өмүрбекова: Билим берүү тармагына салынган инвестиция натыйжа беретАлтынай Өмүрбекова: Билим берүү тармагына салынган инвестиция натыйжа беретЫкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору 15 тез жардам унаасы менен толукталдыЫкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору 15 тез жардам унаасы менен толукталдыМыктыбек Абдылдаев: "Шайлоо боюнча жаңы мыйзамдын 3-жана 36-беренелери кайчы келип калыптыр...Мыктыбек Абдылдаев: "Шайлоо боюнча жаңы мыйзамдын 3-жана 36-беренелери кайчы келип калыптыр...Кыргызстанда бүгүнкү күндө 208 адам качкын статусун алган, алар жумушка да орношо алатКыргызстанда бүгүнкү күндө 208 адам качкын статусун алган, алар жумушка да орношо алатТазабек Икрамов, ЖКнын депутаты: "Эмне себептен акысыз келген тесттер акчага тапшырылышы керек?"Тазабек Икрамов, ЖКнын депутаты: "Эмне себептен акысыз келген тесттер акчага тапшырылышы керек?"Сагындык Келдибаев: "Өзгөн районунда таза суу маселеси чечилбей, оор бойдон калууда"Сагындык Келдибаев: "Өзгөн районунда таза суу маселеси чечилбей, оор бойдон калууда"Мухаммедкалый Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугуштуМухаммедкалый Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугуштуЖанар АкаевЖанар АкаевПрезидент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Сауд Арабиясына келдиПрезидент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Сауд Арабиясына келдиЖан Лян менеджер проекта автодороги Бишкек-Кара-балтаЖан Лян менеджер проекта автодороги Бишкек-Кара-балтаРежим повышенной готовности: на рейде мэр Бишкека Азиз СуракматовРежим повышенной готовности: на рейде мэр Бишкека Азиз Суракматов
Яндекс.Метрика