Загрузка страницы

Аманат Болот Тасмаев

Жан курбум, жашыбай жакшы кал, курбум,
Жамынып түндү узадым, жазганы ошол тагдырдын.
Кош дечи, арманга бирок кошпочу,
Айланып келем ыр болуп,
Айрылуу эмес, коштошуу.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.

Жан курбум, жаштыгым шамдай жандырдың,
Ардактап алгын өчүрбөй, астында калса жамгырдын.
Агарып, ай нуру менен таралып,
Ал күндөр кирет түшүмө, айрылуу эмес, аралык.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.

Жан курбум, жабыкпай жакшы кал, курбум,
Өзүңдү түнгө тапшырып, сөзүмдү сага калтырдым.
Кош дечи, а бирок көзгө жаш алба,
Ар убак жүрсөң эскерип,
Айрылуу эмес, ажал да.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим

Видео Аманат Болот Тасмаев канала Elli Alikovna
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
6 июля 2020 г. 20:33:01
00:04:06
Яндекс.Метрика