МАРЛЕН МАМАТАЛИЕВ: АКСАКАЛ СИЗ ЖАҢЫЛЫШЫП АТАСЫЗ, ЫЗЫ-ЧУУ КЫЛБАҢЫЗ. БИЗ БАШКА МАСЕЛЕНИ АЙТЫП АТАБЫЗ.
Бүгүн, 18-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер казынасы жөнүндө”, “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Улугбек Ормонов, Нурланбек Шакие, Нуржигит Кадырбеков, Жанарбек Акаев, Камила Талиева, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Азизбек Турсунбаев жана Жеңишбек Токторбаев тарабынан демилгеленген.
Демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиев белгилегендей, мыйзам долбоору жер казынасын пайдалануу учурунда мамлекеттин жеке жана юридикалык жактар, инвесторлор менен келип чыккан мамилелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
Тагыраагы, “Жер казынасы жөнүндөгү” киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, алтындын ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны өзүнө каттатуу үчүн Кыргыз Республикасында мамлекеттин кеминде 30%дык үлүштүк катышуусу менен юридикалык жакты түзүүгө милдеттүү.
Ошондой эле “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” мыйзамга өндүрүлүүчү продукцияны бөлүштүрүүгө тиешелүү өзгөртүүлөр сунушталган. Тактап айтканда, продукцияны бөлүштүрүүнүн пропорциясы – пайдалуу кендин геологиялык-экономикалык жана нарктык баасына, техникалык долбоорго, макулдашуунун техникалык-экономикалык негиздемесинин көрсөткүчтөрүнө жараша макулдашуу менен аныкталат. Мында өндүрүлгөн продукциядагы Кыргыз Республикасынын үлүшү кеминде 30%ды түзүүгө тийиш.
Талкуу маалында депутат Чыңгыз Ажибаев пайдалуу кен чыккан жерлердин саны, аларды иштетүүгө берилген лицензиялар жана жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүү тартибине байланышкан суроолорду узатты. Ал эми депутат Гуля Кожокулова “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” мыйзамдын 6-беренесинин 5-пунктуна сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча маселеге токтолду.
Депутат Султанбай Айжигитов кендерди иштетүүдө Кыргызстандын үлүшү 70 пайыз, инвестордун үлүшү 30 пайыз болушу керектигин белгилесе, депутат Алишер Эрбаев атаандаштыкка жөндөмдүү кендер жана кендердин запастарын градациялоо маселесин көтөрдү. Депутат Ырысбек Атажанов болсо кендерди иштетүүгө берилген лицензиянын шарттарын сактабагандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү зарылчылыгын кошумчалады.
Талкуудан соң мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Видео МАРЛЕН МАМАТАЛИЕВ: АКСАКАЛ СИЗ ЖАҢЫЛЫШЫП АТАСЫЗ, ЫЗЫ-ЧУУ КЫЛБАҢЫЗ. БИЗ БАШКА МАСЕЛЕНИ АЙТЫП АТАБЫЗ. канала ASMAN

Комментарии отсутствуют
Информация о видео
19 мая 2022 г. 22:13:59
00:21:42
Другие видео канала