Загрузка страницы

Нарында каза болгон маркумдун жакындары аны жол тескөөчү сабаганын айтып чыгышты

Президентке Кочкор районунун тургундары кайрылуу жасашты. Анда жарандын МАИ кызматкери тарабынан өлтүрүлгөнү айтылат. Видеону жактоочу Шердор Абдыкапаров жарыялады.

Маркумдун жубайымын деген аял анын өмүр бою милиция кызматкери болуп иштегенин айтат. «Отставкага чыккан милициянын майору болчу. Жолдошум МАИ кызматкеринин ур-токмогунан каза болуп отурат. Каза болгондон бери укук коргоо кызматкерлери тарабынан эч кандай чара көрүлгөн жок. Мен операция болуп, өзүмдүн жаным менен алышып, жүрөм», — деди ал.

Маалыматка караганда, окуя 12-декабрда саат 19:20 чамаларында болгон. «Маркум досу экөө Москвич унаасы менен токтоп турганда аларга Кочкор районунун МАИ кызматкери барган. Алардын унаасы арыкка кирип кетип, чыгара албай турушкан. Жол тескөөчү барып, унаа кимдики экенин, документтерин сураган. «Мас турбайсыңарбы» деп мурунга чаап буту менен тепкилей баштаган. Ошондо маркум милициянын ардагери экенин айтып, сабалып жаткан кишиге жардам бере баштаганда аны да сабай баштаган. Ал бизди сабап, дагы бир кызматкерди чакырып, унааны айып короого киргизишти. Ошол учурда досум аялына, эжесине чалып, таяк жегенибизди айтып атты. «Эгерде мен өлүп калсам, МАИ күнөөлүү» деди. Экөөбүз Кочкор районунун бейтапканасына бардык. Кызматкер артыбыздан келди. Рентгенге түшкөндө таза экен деп коюшту. Ошол бойдон эртеси ал ооруканага жетпей көз жумду», — деген маркумдун жанында болгон досу.

ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан окуя боюнча үн катып, видео менен бөлүштү.

«12-декабрда Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында Б.Т аттуу айдоочу жанындагы Т.Т. аттуу досу менен “Москвич 412” үлгүсүндөгү унаасын мас абалында айдап бара жатып, арыкка кирип кеткен. Аны жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери көрүп, мас абалында экендигин аныктоо жана тийиштүү чараларды көрөйүн дегенде, айдоочу жана жүргүнчүсү кызматкердин мыйзамдуу талабына баш ийген эмес. Акыр аягы наркологиядан текшертип, спирт ичимдиктерин ичкендиги аныкталган жана унаасы айып короо жайына токтотулган.

Ал эми жүргүнчүсү эч кандай дене башы оорубай эле өзү басып, түнү Кочкор РИИБге кызматкерге карата тийиштүү чара көрүү үчүн, арыз жазып үйүнө кеткен. Азыркы учурда бул факты боюнча тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүү үчүн бардык материалдар Нарын облусунун Улуттук коопсуздук камитетине жөнөтүлгөн», — дешти.

Редакция окуя боюнча Нарын РИИБге да кайрылганыбызда, УКМК тарабынан тергелип жатканын билдиришти.

Видео Нарында каза болгон маркумдун жакындары аны жол тескөөчү сабаганын айтып чыгышты канала Жаӊылыктар - SUPERTV
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
22 декабря 2023 г. 11:28:32
00:01:22
Другие видео канала
«Ош базарында» ветеринардык жактан тамак-аш коопсуздугу такыр аткарылбайт деген жыйынтык чыкты«Ош базарында» ветеринардык жактан тамак-аш коопсуздугу такыр аткарылбайт деген жыйынтык чыктыЖогорку Кеңештин жыйыны (05.09.2024)Жогорку Кеңештин жыйыны (05.09.2024)Данияда Куранды өрттөөгө тыюу салындыДанияда Куранды өрттөөгө тыюу салындыЖогорку Кеңештин жыйыны (26.09.2024)Жогорку Кеңештин жыйыны (26.09.2024)«Манас» аэропорту жолундагы ызы-чуу. 4 айдоочуга 15 миң сомдон айып салынды«Манас» аэропорту жолундагы ызы-чуу. 4 айдоочуга 15 миң сомдон айып салындыКурманкул Зулушев: "Менин эжем да каржы пирамидасына 30 миң доллар берген"Курманкул Зулушев: "Менин эжем да каржы пирамидасына 30 миң доллар берген"UFC турнириндеги биринчи беттеште жеңишке жеткен кыргыз мушкерин кандай тосуп алышты?UFC турнириндеги биринчи беттеште жеңишке жеткен кыргыз мушкерин кандай тосуп алышты?"Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаевдин жаңы жылдык куттуктоосу"Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаевдин жаңы жылдык куттуктоосу🎆Бишкекте быйыл көз жоосун алган жаңы жылдык фейерверк болбойт🎆Бишкекте быйыл көз жоосун алган жаңы жылдык фейерверк болбойтАламүдүн-1 кичи районунда чыккан өрттү 3-класстын окуучусу байкап калган. Ага белек берилдиАламүдүн-1 кичи районунда чыккан өрттү 3-класстын окуучусу байкап калган. Ага белек берилдиБаткенде жаңы жылдык балатынын чырагы жандырылдыБаткенде жаңы жылдык балатынын чырагы жандырылдыКыргыз тасмасы Түркмөнстанда 2-орун алды. Аны Бурак Өзчивит жарыяладыКыргыз тасмасы Түркмөнстанда 2-орун алды. Аны Бурак Өзчивит жарыяладыЫргал Кадыралиева, экс-депутат: "Бир сатта үйүм күйүп кетти"Ыргал Кадыралиева, экс-депутат: "Бир сатта үйүм күйүп кетти"Сузакта 32 жаштагы жарандын жансыз денеси жол боюнан табылган. Шектүүлөр кармалдыСузакта 32 жаштагы жарандын жансыз денеси жол боюнан табылган. Шектүүлөр кармалдыЭрдоган менен Бердымухамедов бир-бирине күчүк белек кылыштыЭрдоган менен Бердымухамедов бир-бирине күчүк белек кылышты"Жолдошумду таппасамда акыйкаттык табам""Жолдошумду таппасамда акыйкаттык табам"Сузакта 100-200 миң сом турган кочкорлор уурдалган. Шектүүлөр кармалдыСузакта 100-200 миң сом турган кочкорлор уурдалган. Шектүүлөр кармалдыБали! Кыргызстандын курамасы Оманды 1:0 эсебинде жеңдиБали! Кыргызстандын курамасы Оманды 1:0 эсебинде жеңдиТокиодо ийгилик жараткан спортчулар Кыргызстанга келдиТокиодо ийгилик жараткан спортчулар Кыргызстанга келдиЖогорку Кеңештин жыйыны (18.09.2024)Жогорку Кеңештин жыйыны (18.09.2024)Көзү азиз ата-энесин жатаканада баккан өспүрүмгө беткапчан киши үй белек кылдыКөзү азиз ата-энесин жатаканада баккан өспүрүмгө беткапчан киши үй белек кылды
Яндекс.Метрика